Кыргызстан «Русское поле» форумунда үрөнчүлүктү өнүктүрүү келечектерин тааныштырды
Казань шаарында өтүп жаткан селекционерлер жана үрөнчүлөрдүн «Русское поле» Бүткүл россиялык форумунда үрөнчүлүктү өнүктүрүү жана айыл чарба тармагындагы эл аралык кызматташуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын позициясы сунушталды.
Азыркы учурда Кыргызстанда 86 үрөн чарбасы жана 22 мөмө-жемиш питомниги иштеп, базарды сертификатталган үрөндөр менен камсыз кылып келет.
Өлкө жетекчилиги Кыргызстандын айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн экспорттоочу макамын кайра жандандыруу милдетин койгон. Бул үчүн сугат жерлерди кеңейтүү, заманбап технологияларды киргизүү жана эл аралык кызматташууну чыңдоо зарыл.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги бир катар чараларды ишке ашырууда:
- үрөн чарбаларына мамлекеттик колдоо жана дотация берүү (үрөн өндүрүүгө кеткен чыгымдын 30%ы компенсацияланат);
- сортторду расмий сыноодон өткөрүү жана жаңы үрөндөрдү мамлекеттик реестрге каттоо;
- Россиянын жана ЕАЭБ менен КМШнын башка өлкөлөрүнүн алдыңкы селекциялык борборлору менен өнөктөштүктү өнүктүрүү.
2024-жылы Кыргызстан Россиянын бир катар илимий мекемелери менен келишимдерди түзгөн, алардын ичинде П.П. Лукьяненко атындагы Улуттук дан борбору жана Омск айыл чарба илимий борбору бар. Республикада буга чейин кышкы буудайдын беш жаңы сорту салынып, аларды 2026-жылы колдонууга уруксат берүү пландалууда. Мындан тышкары, Россиянын институттары менен мал чарбачылыктын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуучу жана ички рынокту сапаттуу тоюттук өсүмдүктөрдүн үрөнү менен камсыз кылуучу тоюттук өсүмдүктөрдүн селекциясын өнүктүрүү боюнча келишимдерге жетишилди.
Айрыкча, климаттын өзгөрүүсү шартында кургакчылыкка чыдамдуу дан жана буурчак өсүмдүктөрүнүн сортторун киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.
Кыргызстан эл аралык уюмдар менен тыгыз кызматташып келет: 2003-жылдан тартып ISTA (Урөндөрдү сыноо боюнча эл аралык ассоциациясынын) мүчөсү, ал эми 2005-жылдан тартып үрөнчүлүк боюнча OECD (Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюму) катышуучусу. 2025-жылы республикалык Урөндөрдү экспертизалоо борбордук лабораториясы бешинчи аккредитациядан өтүп, эл аралык «кызгылт сары сертификатты» берүүгө укук алды.
«Русское поле» форумуна катышуу эл аралык кызматташууну өнүктүрүүдө, тажрыйба алмашууда жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жаңы чечимдерди издөөдө маанилүү кадам болду. Кыргызстан биргелешкен илимий-өндүрүш ишканаларын түзүүгө жана ЕАЭБ базарына сертификатталган үрөндөрдү жеткирүүнү кеңейтүүгө даяр экенин билдирди», – деди Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаментинин директору Бакыт Мамбетов.
Ал кошумчалагандай, жакынкы жылдары Кыргызстан кайрадан евразия мейкиндигинде айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн экспорттоочулардын арасында татыктуу орунду ээлей алат.
