Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнө 523 млн долларлык товар экспорттоду
сүрөт жасалма интеллекттин жардамы менен жасалды
2 октябрь

Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнө 523 млн долларлык товар экспорттоду

2026-жылдын январь-июль айларында Кыргызстан Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнө 523 млн долларлык товар экспорттоду. Мындай маалыматты Өзбекстандын Экономикалык изилдөөлөр жана реформалар борбору келтирди.

Жалпысынан аймактагы өлкөлөр жети айда бири-бирине 8,1 млрд долларлык товар жеткиришкен. Бул көрсөткүч 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 25,4%га көп.

Борбор Азиядагы эң ири экспорттоочу өлкө Казакстан бойдон калууда. Ал жети айда коңшу мамлекеттерге 4,5 млрд долларлык товар экспорттоп, көрсөткүчүн 26,8%га көбөйткөн. Казакстандын үлүшүнө аймак ичиндеги жалпы экспорттун 56% туура келген.

Экинчи орунда Өзбекстан турат – анын экспорту 2 млрд долларга жакын болуп, 34,5%га өскөн. Анын үлүшү 24,7%ды түзгөн. Казакстан менен Өзбекстан чогуу аймактагы өлкөлөр ортосундагы жалпы товар жеткирүүлөрдүн 80,6%ын камсыздаган.

Түркмөнстан коңшу өлкөлөргө 844 млн долларлык, Кыргызстан 523 млн долларлык, Тажикстан 209 млн долларлык товар экспорттогон.

Өзгөчө Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы сооданын өсүшү белгиленет. Январь-июль айларында эки өлкөнүн товар жүгүртүүсү 53,8%га өсүп, 776,7 млн долларга жеткен.

Өзбекстандын төрт коңшу өлкө менен жалпы товар жүгүртүүсү 5,4 млрд долларды түзүп, бир жылда 28,2%га өскөн. Анын ичинен экспорт 2 млрд долларды, импорт 3,4 млрд долларды түзгөн.