Кыргызстандан Өзбекстанга картошканы эскпорттоо маселеси каралды
28 август

Кыргызстандан Өзбекстанга картошканы эскпорттоо маселеси каралды

Жыйындын жүрүшүндө кыргыз картошкасынын эл аралык рынокко чыгуу мүмкүнчүлүктөрү, тоскоолдуктар жана аларды жоюу жолдору, өзгөчө Өзбекстанга экспорттоо жагы талкууланды.

Ошондой эле жаңы өнөктөштөрдү табуу жана сатып алуучулар менен келишимдерди түзүү мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Өндүрүштү жакшыртуу, калибрлөө цехин түзүү жана Россия Федерациясындагы соода өкүлчүлүгү менен кызматташуу боюнча милдеттер коюлуп, Министрликтин түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнө бул милдеттерди аткаруу үчүн тийиштүү тапшырмалар берилди.