Салык кызматы алдамчылык фактылары тууралуу эскертет
28 август

Салык кызматы алдамчылык фактылары тууралуу эскертет

Жарандардан социалдык мессенджерлер аркылуу белгисиз адамдар байланышып, өзүн "салык агенти" катары тааныштырып, такталбаган эсепке акчаны которууну талап кылып жатканы тууралуу билдирүүлөр келип түшүүдө.

Жабырлануучуну ишендирүү үчүн алдамчылар Салык кызматынын кызматкерлеринин жасалма күбөлүктөрүнүн сүрөттөрүн жөнөтүшүп, акча которууну негиздөө үчүн ар кандай салыктык чегерүүлөргө байланыштуу себептерди ойлоп табышууда.

Салык кызматы жарандарды сак болууга жана шылуундардын айла-амалдарына алданбоого чакырат. Салык кызматкеримин деген адам тарабынан шектүү кайрылуулар болгон учурда укук коргоо органдарына билдирүүнү суранабыз.