Кыргызстан Кытайга кургатылган өрүктүн алгачкы партиясын экспорттоду
2025-жылдын 29-июлунда Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына кургатылган өрүктүн алгачкы 23000 кг партиясы ийгиликтүү жөнөтүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирет.
Экспорт Кытай Эл Республикасына киргизүүгө уруксат берилген айыл чарба продукциясынын тизмесине кургатылган өрүктүн киргизилишине жана кыргыз ишканасынын Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын CIFER маалыматтык системасында ийгиликтүү каттоодон өтүшүнө негизделип ишке ашырылды.
Бул жеткирүү кыргыз тараптын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын максаттуу жана координацияланган ишинин натыйжасы болуп саналат. Алар продукциянын коопсуздугун, сапатын жана из калтыруучулугун (прослеживаемость) камсыздоо менен, Кытай тараптын санитардык жана карантиндик талаптарынын толук аткарылышын камсыз кылышты.
Продукцияны даярдоо учурунда бардык талап кылынган фитосанитардык процедуралар сакталган: лабораториялык сыноолор жүргүзүлүп, фитосанитардык сертификаттар берилген жана жөнгө салынуучу зыяндуу организмдердин жоктугу тастыкталган.
Бул жеткирүү Кытай рыногуна кыргыз жемиш-жашылча продукциясынын жолун ачкан маанилүү кадам болуп саналат жана келечекте экспорт көлөмүн көбөйтүүгө, товар түрлөрүн кеңейтүүгө жана Кыргызстандын ишенимдүү соода өнөктөш катары позициясын чыңдоого өбөлгө түзөт.
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кытай тарап менен экспортко уруксат берүү жана инспекциялык механизмдерди өркүндөтүү боюнча кызматташууну мындан ары да өнүктүрүүгө бекем берилгендигин тастыктайт.
