Эсеп палатасы Балыкчы шаарынын бюджетинде 10,7 миллион сомдук каржылык мыйзам бузууларды аныктады
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын областтары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан аудитордук иш планына ылайык, ЫсыкКөл областынын Балыкчы шаарында 2022-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата жергиликтүү бюджеттин түзүлүшүнө, аткарылышына жана ишине шайкештик аудит жүргүзүлгөн.
Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы менен табылган баардык финансылык бузуулардын жалпы суммасы 10741,7 миң сомду түзгөн, анын ичинде 1753,8 миң сому калыбына келтирүүгө тийиш, калыбына келтирилгени 1544,3 миң сом, анын ичинен:
- капиталдык салымдарга жана курулуш иштерин аткарууга бюджеттик каражаттарды пайдалануудагы бузуулар 149,7 миң сом;
- милдеттенмелерди кабыл алуу жана тастыктоо жана бекитилген көрсөткүчтөрдөн ашыкча чыгымдоо (ченемден ашык жана тастыкталбаган чыгымдар) 34,9 миң сом;
- Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумундагы бюджеттин аткарылышындагы башка кемчиликтер жана бузуулар 1198,0 миң сом;
- мүлктү сактоонун камсыздалбашы 1524,3 миң сом;
- бухгалтердик эсеп жөнүндө ченемдик укуктук актыларын бузуулар 1015,8 миң сом;
- мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө мыйзамды бузуулар 752,4 миң сом, анын ичинде.
Мындан тышкары, 11 (он бир) башка жол-жоболук бузуулар жана 3 (үч) мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү башка бузуулар аныкталган.
Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө, Балыкчы шаарынын мэрине, шаардык Кеңешке - Отчет; аудит жүргүзүлгөн мекемелерге жана ишканага аныкталган каржы бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча Жазма буйруктар, Сунуштар жөнөтүлдү.
