Кыргызстанда 2024-2026-жылдары мамлекеттик мүлк 27,1 млрд сомго сатылды
2024-2026-жылдары Кыргызстанда мамлекеттик мүлк жана мүлктүк комплекстер жалпы 27 млрд 92 млн 637 миң сомго сатылган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бексултан Токонов билдирди.
Анын айтымында, учурда 438 мүлк объектиси жана мүлктүк комплекс бар.
«Бул конфискацияланган, ошондой эле ыктыярдуу түрдө өткөрүлүп берилген мүлк жана мүлктүк комплекстер», - деди Токонов.
Жыйында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жана ак ниет сатып алуучулардын укуктарын коргоо маселеси да көтөрүлдү.
Депутат Үмбөталы Кыдыралиев СССР тарагандан кийин Кыргызстан рынок экономикасына өтүп, мамлекеттик мүлк этап-этабы менен менчиктештирилгенин белгиледи. Ал мындай объектилерди ак ниет сатып алган жарандардын укуктары кандай корголорун сурады.
Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова мыйзамдарда ак ниет сатып алуучунун укуктарын коргоо каралганын билдирди.
Анын маалыматына караганда, 1991-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстанда 7 миң 356 объект менчиктештирилген.
Мындан тышкары, 2026-жылдын сегиз айынын жыйынтыгы боюнча Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктен түшкөн каражат 52,7 млрд сомду түздү.
Маселе «Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун экинчи окууда кароодо талкууланды.
