
Эмнеге GS1 Kyrgyzstan штрих-код керек жана аны кантип алууга болот?
Бул сан EAN катары да белгилүү болгон Глобалдык соода объектисинин номери (GTIN) деп аталат.
Кыргызстанда эл аралык GTIN номерлерди жана башка GS1 идентификациялык номерлерин бирден-бир ыйгарым укуктуу уюм - GS1 Кыргызстан Субъекттерди номерлөө Ассоциациясы дайындайт.
GS1 Kyrgyzstan мүчөсү болуу менен сиз GCP компаниясынын уникалдуу Глобалдык префиксине ээ болосуз жана чекене продукцияларыңызды гана эмес, жүктөрдү, таңгактарды жана физикалык жайгашкан жериңизди да идентификациялай аласыз.
GS1 Kyrgyzstan штих-кодун эмнеге алуу зарыл?
- GS1де гана сиз юридикалык уникалдуу штрих-код номерлерин ала аласыз.
- GS1 штрих-коддору болбосо, сиз милдеттүү маркировкалоо категориясына кирген товарларга маркировка ала албайсыз.
- Биздин штрих-код номерлери бардык чекене сатуучулар жана соода аянтчалары тарабынан таанылат.
- Сиз ошондой эле бизнесиңизди жүргүзүү үчүн керек болгон башка GS1 стандарттарына кире аласыз, мисалы, Глобалдык жайгашкан жер номерлери (GLN)
Штрих-кодду алуу үчүн 3 кадамды аткарышыңыз керек:
- GS1 Кыргызстанга кошулуу үчүн арыз бериңиз.
- Мүчөлүк акы төлөө.
- Сиз штрих-код алышыңыз керек болгон продукцияларды каттаңыз.
Кеңири инструкцияны төмөнкү шилтемеден таба аласыз: https://gs1kg.org/home/get-barcode/