Швейцарияда Кыргызстандын туристтик дарамети тууралуу маалымат берилди
13 март

Швейцарияда Кыргызстандын туристтик дарамети тууралуу маалымат берилди

2025-жылдын 12-мартында Кыргыз Республикасынын Швейцария Конфедерациясындагы Элчилиги Кыргызстандын Туристтик Уюмдарынын Ассоциациясы (КАТО) менен биргеликте, Германиянын Эл аралык кызматташтык коому, Швейцария жана Европа Биримдигинин өнүгүү боюнча өнөктөштөрү, Түрк аба жолдору, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Туризм департаменти жана Швейцариядагы кыргыз диаспорасынын колдоосу менен Цюрих шаарында туристтик роуд-шоу уюштурду.

Иш-чарага Кыргызстанга саякаттарды уюштурууга кызыккан Швейцариянын туристтик агенттиктери жана как Ak Sai, Edelweiss Touristik, САТ, Travel Expeditions, Nomads Life, Silk Way сыяктуу кыргызстандык туристтик компаниялар катышты.

Иш-чаранын ачылышындагы сөзүндө Кыргызстандын Швейцариядагы Элчиси Омар Султанов чогулгандарга кыргыз-швейцар мамилелеринин өнүгүшү тууралуу маалымдап, Кыргызстандын туристтик потенциалынын маанилүү перспективалары жөнүндө айтып берди. Ал швейцариялык өнөктөштөрдү Кыргыз Республикасы менен кызматташууну мындан ары кеңейтүүгө жана чыңдоого чакырды.

Роуд-шоунун алкагында кыргызстандык туроператорлор Кыргызстанда кызмат көрсөткөн ар кандай багыттарды жана туризмдин түрлөрүн тааныштырышты. Ошондой эле швейцариялык туристтик агенттиктери менен иштиктүү байланыштар түзүлүп, кызматташтыкты өнүктүрүүнүн мындан аркы кадамдары талкууланды.