Ош: Жаңы муниципалдык базарды куруу иштери эки нөөмөттө жүрүүдө
Ошондой эле төрт тараптан базарга кирүүчү жаңы кошумча жолдорду ачуу иштери дагы жүргүзүлүп жатат.
Алсак, курулуп жаткан муниципалдык базардан Курманжан датка көчөсүнө кошулган Шамшат көчөсүнө чейинки аралыктагы жолду кеңейтүү жана асфальттоо боюнча жумуштар жасалууда.
Мындан сырткары, “Барсбек каган” айланма жолун кеңейтүү да каралып, иш жүрүп жатат.