
Кыргызстандын комбанктарынын Кытай банктары менен кызматташуу маселеси талкууланды
Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасы Мелис Тургунбаев Кытай Эл банкынын төрагасынын орун басары Чжан Цинсун менен жолугушту. Бул тууралуу финансылык жөнгө салуучу органдан билдиришти.
Тараптардын жолугушуусу 20-сентябрда Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-кытай комиссиясынын 16-жыйынына катышуунун алкагында Кытайдын Пекин шаарында өткөн.
Жолугушууга ошондой эле Кыргызстандын финансы министри Алмаз Бакетаев жана экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын Улуттук банкы менен Кытай Эл Банкы ортосунда борбордук банктардын ишкердик чөйрөсү жагында эки тараптуу кызматташууну арттыруу маселелерин, ошондой эле Кыргызстандын коммерциялык банктарынын Кытай банктары менен кызматташуу, анын ичинде өз ара корреспонденттик эсептерди ачуу маселелерин талкуулашты.