Энергетика министрлиги тармакты өнүктүрүүнүн жаңы моделин калыптандырып, ШКУ, ДКО жана алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдыкты күчөтүүдө
4 август

Энергетика министрлиги тармакты өнүктүрүүнүн жаңы моделин калыптандырып, ШКУ, ДКО жана алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдыкты күчөтүүдө

Бүгүн, 2026-жылдын 4-августунда Кыргыз Республикасынын энергетика министри Алтынбек Рысбеков энергетикалык компаниялардын жетекчилери, Энергетика министрлигинин тиешелүү түзүмдөрүнүн жана тармактык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда кеңейтилген жыйын өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө энергетика тармагын мындан ары өнүктүрүүнүн негизги багыттары аныкталып, 2026–2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине энергетикалык комплексти даярдоону күчөтүү, ошондой эле Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын (ДКО) иш-чараларын ишенимдүү электр энергиясы менен камсыздоо боюнча конкреттүү чаралар белгиленди.

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков кечээ министрликтин жамаатына министрдин үч жаңы орун басары тааныштырылганын белгилеп, министрликтин жаңы жетекчилигинин алдында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси — Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев тарабынан коюлган стратегиялык милдеттер турганын айтты.

Аталган милдеттер министрликтин ишин күчөтүүгө, энергетика тармагын тездетип өнүктүрүүгө жана жаңы генерациялык кубаттуулуктарды көбөйтүү, электр тармактарын жаңылоо, санариптик технологияларды киргизүү, энергетикалык системаны башкаруу процесстерин автоматташтыруу багытындагы долбоорлорду натыйжалуу ишке ашырууга багытталган.

Жыйындын алкагында министр энергетика тармагын өнүктүрүүнүн жаңы моделин сунуштады. Бул модель электр энергиясын өндүрүүчү жаңы кубаттуулуктарды тез арада өнүктүрүүгө, жаңы энергетикалык объектилерди курууга, тармактык инфраструктураны жаңылоого, жаңы көмөк чордондорду жана электр берүү линияларын курууга, санариптик технологияларды киргизүүгө жана Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун камсыздоого багытталган.

Ошондой эле Алтынбек Рысбеков «Электр станциялары» ААК, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК жана «Чакан ГЭС» ААК жетекчилерине компанияларды мындан ары өнүктүрүү боюнча сунуштарды даярдап, киргизүүнү тапшырды.

Анын ичинде жаңы генерациялык кубаттуулуктарды ишке киргизүү, иштеп жаткан объектилерди модернизациялоо, жаңы көмөк чордондорду жана электр берүү линияларын куруу, ошондой эле өлкөнүн энергетикалык системасынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу маселелери камтылат.

Өзгөчө көңүл ШКУ, ДКО иш-чараларына жана 2026–2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине энергетикалык комплексти даярдоо маселелерине бурулду.

Министр бардык иш-чаралар бекитилген графиктерге так ылайык аткарылышы керектигин, эч кандай кечигүүлөргө жол берилбеши зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле келип чыгуучу уюштуруучулук жана техникалык маселелер алдын ала чечилиши керектиги айтылды.

ШКУ жана ДКО иш-чараларын өткөрүүгө тартылган энергетикалык объектилер ишенимдүү электр энергиясы менен камсыздалып, резервдик электр булактары жана заманбап башкаруу системалары менен жабдылып, иш-чаралар учурунда туруктуу иштөөсү камсыздалат.

Соңунда Алтынбек Рысбеков министрликтин бардык түзүмдөрүнүн жана энергетикалык компаниялардын жетекчилерине коюлган милдеттерди аткарууну, долбоорлордун ишке ашырылышын көзөмөлдөөнү күчөтүүнү жана белгиленген мөөнөттөрдө конкреттүү жыйынтыктарга жетүүнү тапшырды.

Энергетика министрлигинин негизги милдети — өлкөдө туруктуу жана үзгүлтүксүз электр менен камсыздоону камсыз кылуу, энергетика тармагын алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдоо, заманбап энергетикалык инфраструктураны түзүү жана эл аралык деңгээлдеги мамлекеттик иш-чараларды ийгиликтүү өткөрүү үчүн зарыл болгон объектилердин ишенимдүүлүгүн жогорку деңгээлде камсыздоо болуп саналат.