Кыргызстан менен Корея санариптик трансформация жаатындагы жаңы долбоорду ишке ашырууну баштайт
-
Бүгүн, 4-августта, Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Кубанычбек Тургунбаев менен Кореянын Электрондук өнөр жай кооперативинин (KEIC) IEM-TASK долбоорунун жетекчиси Санг Ми Чой баштаган делегациянын жолугушуусу өттү.
-
Жолугушууда «2026–2030 Корея – Кыргызстан: санариптик трансформация сектору үчүн Кореянын технологиялык консультациялары жана чечимдери (IEM-TASK)» долбоорун ишке ашыруу маселелери талкууланды.
-
Долбоор транспорттук инфраструктураны жана өндүрүш тармагын санариптештирүүгө, заманбап технологияларды киргизүүгө жана кыргыз-корей кызматташтыгын кеңейтүүгө багытталган. Анын алкагында аэропортторду башкаруу системаларын, багажды иштетүү жана логистикалык процесстерди автоматташтыруу, автобустардын маалыматтык системаларын, электрондук таблолорду, акылдуу аялдамаларды, санариптик маалымат такталарын, ошондой эле «акылдуу фабрика» технологияларын өнүктүрүү каралган.
Долбоор Корея Республикасынын Соода, өнөр жай жана ресурстар министрлиги тарабынан Кореянын Электрондук өнөр жай кооперативи, Боёо жана каптоо технологиялары институту жана Өнөр жай технологиялары институту менен биргеликте ишке ашырылат. Кыргыз тараптан жооптуу мамлекеттик орган болуп Транспорт жана коммуникациялар министрлиги белгиленген.
-
Долбоордун алкагында кореялык эксперттер техникалык консультацияларды көрсөтүп, технологияларды трансферттөө, санариптик трансформация боюнча мастер-пландарды иштеп чыгуу жана адистерди даярдоо боюнча колдоо көрсөтүшөт. Ошондой эле катышуучулар үчүн Кыргызстанда техникалык семинарлар уюштурулуп, Корея Республикасында окуулар өткөрүлөт.
-
Долбоорго Кыргызстандын мамлекеттик жана жеке секторунан 20га жакын ишкана тартылып, алардын ичинен 10 ишкана негизги программага тандалып алынат.
-
IEM-TASK долбоору 2026–2030-жылдары ишке ашырылып, өлкөнүн транспорт тармагын санариптештирүүгө жана заманбап технологияларды жайылтууга өбөлгө түзөт.
