Пестициддерди жана агрохимикаттарды каттоо санарип форматка өтөт
2026-жылдын 5-февралында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети № 60 токтому менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы № 390 токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Бул токтом «Кыргыз Республикасында пестициддерди жана агрохимикаттарды каттоо үчүн сыноолорду өткөрүү жана мамлекеттик каттоо жөнүндө» жобону өзгөртүүгө багытталган.
Документтин негизги максаты – пестициддерди жана агрохимикаттарды каттоо процесстерин санариптештирүү. Бул 2024–2028-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациялоо концепциясына ылайык карыздарды жана документтерди электрондук форматта тапшырууну камсыз кылуу жана административдик жол-жоболордун ачык-айкындуулугун жогорулатуу болуп саналат.
Электрондук каттоо процедурасы пестициддерди жана агрохимикаттарды каттоонун бардык этаптарында ачык-айкындуулукту, жеткиликтүүлүктү жана көзөмөлдүүлүктү камсыз кылат. Ошондой эле бирдиктүү электрондук база түзүлүп, арыз ээлери менен мамлекеттик органдардын административдик жүгүн азайтат.
Киргизилген өзгөртүүлөр пестициддерге жана агрохимикаттарга көзөмөлдү күчөтүүгө, калктын саламаттыгына жана айлана-чөйрөнү коргоого, ошондой эле каттоо процессине ачыктык жана айкындык принциптерин киргизүүгө өбөлгө түзөт.
