Эл аралык валюта фондунун миссиясы Кыргызстанда кеңешмелерди өткөрүүдө
Кыргызстанда бүгүн, 18-мартта Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) миссиясы ЭВФтин макулдашуусунун 4-беренесине ылайык, кеңешмелерди өткөрүү үчүн Дмитрий Гершенсондун жетектөөсүнүн алдында ишин баштады. Бул тууралуу КР Улуттук банктан кабарлашты.
Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасы Мелис Тургунбаев Кыргызстан тараптан ЭВФтин башкаруучусу болуу менен ЭВФтин командасы менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өлкөдөгү макроэкономикалык кырдаал, инфляция факторлору жана түзүлгөн тышкы чакырыктар, ошондой эле Улуттук банктын акча-кредит саясаты жана финансы секторунун туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чараларды талкуулашты.
Кеңешменин алкагында өлкөдөгү макроэкономикалык абалды жана саясат чараларын талкуулоо үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана башка уюмдардын өкүлдөрүнүн ЭВФ миссиясы менен жолугушуулары пландаштырылган.
