Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата Улуттук банк күмүш коллекциялык монетасын чыгарды
Кыргызстандын Улуттук банкы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын майрамдоонун урматына 2025-жылдын 28-апрелинен тартып «Тарыхый окуялар» сериясындагы «Улуу Жеңишке - 80 жыл» күмүш коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарат.
Коллекциялык монета Улуттук банктын мекемелеринин кассаларында 5 200 сом баасында иш күндөрү саат 9.00дөн 14.00гө чейин, ошондой эле нумизматикалык баалуулуктарды сатуу боюнча www.numizmat.nbkr.kg веб-сайты аркылуу сатылат.
