Ала-Бука районунда күзгү талаа жумуштары башталды
Ала-Бука районунда күзгү талаа жумуштары башталып, деп билдирет Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, учурда Орток-Бел массивинде дыйкандар жана фермерлер тарабынан кызуу иштер жүрүп жатат.
Быйыл Орток-Бел массивинде түз эгүү ыкмасы колдонулуп, жалпы 300 гектар аянтка буудай себүү пландалган. Бул максатта 60 тонна буудай үрөнү жана 25 тонна жер семирткич бөлүнүп берилген.
Бүгүнкү күндө 65 гектар аянтка буудай эгилип, иштер план боюнча уланууда.
Район акими Руслан Айтбаев эгин талааларын кыдырып, эгүү иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышты. Ал дыйкандар менен баарлашып, аймакта жүргүзүлүп жаткан айыл чарба иштеринин өз убагында жана сапаттуу аткарылышынын маанилүүлүгүн белгиледи.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин колдоосу менен район аймагында күзгү буудай жана арпа сыяктуу дан эгиндерин өз убагында себүү боюнча иштер тынымсыз жүрүүдө. Бул иш-чаралар дыйкандардын эмгегин жеңилдетүүгө жана келерки жылдагы түшүмдүүлүктү жогорулатууга багытталган.
