
Акылбек Жапаров: Келерки жылы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү турак-жай менен камсыздоого өзгөчө көңүл бурулат
Отурумда 2025-2029-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын фискалдык жана инвестициялык саясатынын негизги багыттарынын долбоору каралып, талкууланды.
Анда мамлекеттик бюджетте, ички дүң продукцияда акыркы жылдары көрсөткөн өсүү темпти кармап туруу жана жогорулатуу, ошондой эле келечекте өлкөдөгү коомдук-саясий туруктуулуктун сакталышы, энергетика, транспорт, ирригация тармактарында ири улуттук инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, жогорку экспорттук потенциалы бар артыкчылыктуу секторлорду өнүктүрүү, финансылык инструменттерге жеткиликтүүлүктү түзүү, ишкердик үчүн жагымдуу бизнес-чөйрөнү түзүү сыяктуу бир катар артыкчылыктуу багыттар каралды.
Анда МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров кийинки жылга карата артыкчылыктуу багыттардын катарына жарандарды жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү турак жай менен камсыз кылуу, жолдорду куруу жана айыл чарба тармагын белгиледи.
Белгилей кетсек, бул жолку отурум “Кыргыз Республикасынын 2025-жылга республикалык бюджети жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун түзүүгө негиз болот.