ФЧК-12: Бир жумада 10 миңге жакын дыйкан жеңилдетилген насыя алды
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги "Айыл чарбасын каржылоо -12" долбоору боюнча 2024-жылдын 19-сентябрына карата берилген насыялар боюнча маалымат берди.
Билдирүүгө ылайык, өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 433330 миң сомго 1323 насыя берилди.
Анын ичинен банктар боюнча алганда:
- “Айыл Банк” ААК — 213420,0 миң сомго 665 насыя;
- “Элдик Банк” ААК — 219910,0 миң сомго 658 насыя.
2. Мал чарбачылык категориясы боюнча жалпы 3441503,0 миң сомго 8472 насыя берилди, анын иченен банктар боюнча алганда:
“Айыл Банк” ААК — 1707243,0 миң сомго 4262 насыя;
“Элдик Банк” ААК — 1734260,0 миң сомго 4210 насыя.
3. Бардыгы болуп 2 категория боюнча 3874833,0 миң сомго 9795 насыя берилди.
- “Айыл Банк” ААК — 1920664,0 миң сомго 4927 насыя;
- “Элдик Банк” ААК — 1954170,0 миң сомго 4868 насыя.