КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынында жүргүзүлгөн шайкештик аудиттердин жыйынты
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2025-жылга карата аудитордук иш планына ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын 2021-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына карата, жана Талас облусунун өнүктүрүү фондунун 2019-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына карата, бюджеттеринин аткарылышына шайкештик аудиттер жүргүзүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынында жүргүзүлгөн шайкештик аудиттердин жыйынтыгында аныкталган финансылык бузуулар жана кемчиликтер бардыгы 579,3 миң сом, анын ичинде:
- Талас облусунун өнүктүрүү фондунда жүргүзүлгөн шайкештик аудиттердин жыйынтыгында аныкталган финансылык бузуулар жана кемчиликтер бардыгы 5 211,6 миң сом, анын ичинде:
- Дебитордук карыздыр боюнча эсеп жүргүзүүдөгү бузуулар – 1 167,0 миң сом;
- Кызматкерлердин эмгек акысына жана башка акчалай төлөмдөр боюнча ченемден ашыкча чыгымдар – 1 164,5 миң сом;
- Башка булактардын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылууга тийиш болгон чыгымдарды төлөө үчүн каражаттарды пайдалануу – 2 880,1 миң сом.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын 2021-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына карата, жана Талас облусунун өнүктүрүү фондунун 2019-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына карата, бюджеттеринин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттери боюнча отчетунун долбоору Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас областтары боюнча аймактык бөлүмүнүн Коллегиясында 2025-жылдын 18-июлунда каралып, жактырылган.
Коллегиянын чечимине ылайык, аныкталган финансылык бузууларды жана кемчиликтерди жоюу үчүн, Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына жана Талас облусунун өнүктүрүү фондуна жазма буйрук жиберилген.
Талас облусунун өнүктүрүү фондунда 98,4 миң сомго ашыкча чегерилген айлык акы менен, жалпы суммасы 880,8 мин сомго чегерилген сый акылар, ошондой эле, 1 167,0 миң сомго аныкталган каржы бузуулар боюнча материалдар, укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына жиберилди.
Жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыктары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын Коллегиясынын отурумунда каралуусу, аныкталган финансылык бузууларды жана кемчиликтерди жоюп, аларга мындан ары жол бербөө боюнча иш-чаралардын комплексин аныктоо жана жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыктары боюнча жиберилген жазма буйруктун аткарылышын өзгөчө көзөмөлгө алуу менен, милдеттүү түрдө аткарылуусун камсыз кылуу сунушталды.
