КР ТИМде текстиль өнөр жайынын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өттү
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинде 30-январда текстиль өнөр жайынын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өттү.
Бул жолугушуу президент Садыр Жапаровдун 2026-жылдын 21-январындагы тапшырмасын аткаруу жана миграциялык процесстерди оптималдаштыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында уюштурулду.
Жолугушууда ата мекендик ишканаларга чет элдик жумушчу күчүн тартууга байланыштуу учурдагы маселелер талкууланды жана Кыргызстандагы чет элдик жарандар үчүн уруксат алуу тартибине киргизилген акыркы өзгөртүүлөр түшүндүрүлдү.
Бул жаңылыктарды талкуулагандан кийин, катышуучуларды кызыктырган маселелер боюнча суроо-жооп сессиясы өткөрүлдү.
Ошондой эле, катышуучуларга "Бирдиктүү терезе" принцибин ишке ашыруунун алкагында Бирдиктүү уруксат жана Резидент-картасын алуу үчүн "Электрондук виза" порталын колдонуунун практикалык аспектилери боюнча маалымат берилди.
