Сүрөт ачык булактардан алынды
23 июль
Кыргызстанда жүгүртүүдөгү акчанын жалпы суммасы 317 млрд сомду түзгөн
2026-жылдын 1-июлуна карата жүгүртүүдөгү акчанын жалпы суммасы 317 млрд сомду түзгөн. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук банкынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 2-чейрегинде коммерциялык банктардын кассаларына республиканын бүтүндөй аймагынан 1 841,6 млрд сом келип түшкөн, бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырганда 36,9% көп.
Коммерциялык банктардын кассаларынан 2026-жылдын 2-чейрегинде 1 880,3 млрд сом берилген, бул 2025-жылдын 2-чейрегиндегиге салыштырганда 35,9% көп.
