Кытайлык компания Кыргызстанда мопеддерди жана электромотоциклдерди чыгаруучу завод ачууга кызыкдар
16 апрель

Кытайлык компания Кыргызстанда мопеддерди жана электромотоциклдерди чыгаруучу завод ачууга кызыкдар

Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Кытайдын Цзянсу провинциясынын Сюйчжоу шаарында жайгашкан Huaihai Holding Group компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. 

Уюмдун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө инвестициялык кызматташтык маселелери талкууланды.

Компаниянын жетекчилиги Кыргызстанда мопеддерди жана электромотоциклдерди чыгаруучу завод ачууга кызыкдар экенин билдирди.

Huaihai Holding Group — Кытайдагы эң ири жеңил транспорт каражаттарын чыгаруучу компаниялардын бири болуп саналат. Компания дүйнөлүк рынокто 40 жылдан ашуун убакыттан бери иш алып барып келет. Бул долбоорду Кыргызстанда ишке ашыруу өлкөнүн өнөр жай мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана заманбап технологияларды киргизүүгө өбөлгө түзөт.