Кадамжайдан 93 аз камсыз болгон үй-бүлө социалдык контракт программасынын алкагында сертификат алышты
Кадамжай райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тарабынан аз камсыз болгон жана муктаж үй-бүлөлөрдү колдоо максатында социалдык контракт механизми аркылуу тиешелүү иштер жүргүзүлдү.
Райондук мамлекеттик администрациянын алдында түзүлгөн убактылуу комиссиянын биринчи отурумунун жыйынтыгы боюнча 117 муктаж үй-бүлөнүн бизнес-долбоору каралып, жактырылды. Так жана кылдат текшерүүдөн кийин 93 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлүп, ар бирине 150 000 сомдук сертификаттар тапшырылды.
Сертификаттарды тапшыруу аземи райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары М.М. Айтматов жана Кадамжай райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жетекчиси М. Абдыкадырова катышкан иш-чаранын алкагында өттү.
Мындан тышкары, иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга мал жандыктарды туура тандоо, убагында ветеринардык кызматтан өткөрүү, каржылык сабаттуулук боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
