Салык кызматы “Бизнести агартуу кербени” долбоорун кайрадан ишке киргизүүдө
Мамлекеттик салык кызматы “Бизнести агартуу кербени – салык реформасынын чакырыктары” долбоорун кайрадан ишке киргизүүдө.
Бул долбоордун алкагында чакан жана орто бизнестин актуалдуу маселелерине арналган иш-чаралар өткөрүлөт. Анын ичинде салык мыйзамдарындагы акыркы өзгөртүүлөр жана салык реформасынын негизги аспектилери каралат.
“Бизнести агартуу кербени” JIA Бизнес Ассоциациясы жана КРнын Экономика жана коммерция министрлиги менен биргеликте ишкерлерге маалыматтык колдоо көрсөтүү максатында ишке ашырылууда.
Мындан сырткары, катышуучулар Салык кызматынын кызматкерлеринен жеке консультацияларды ала алышат.
Долбоор төмөнкү графикте өткөрүлөт:
- 2025-жылдын 25-мартында - Жалал-Абад шаарында, Барпы атындагы кыргыз драма театрында (Эркиндик көч., 24/5), башталышы 10:00. Толук маалымат: 0778 253 038;
- 2025-жылдын 26-мартында - Ош шаарында, ОшМУнун конференц-залында (2-кабат), башталышы 10:00. Толук маалымат: 0556 074 792;
- 2025-жылдын 27-мартында - Баткен шаарында, КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын конференц-залында (Т. Сыдыков көч., 1), башталышы 11:00. Толук маалымат: 0553 819 388;
- 2025-жылдын 1-апрелинде - Нарын шаарында, башталышы 10:00. Толук маалымат: 0509 913 791;
- 2025-жылдын 3-апрелинде - Каракол шаарында, башталышы 10:00. Толук маалымат: 0998 777 307;
- 2025-жылдын 8-апрелинде - Талас шаарында, башталышы 10:00. Толук маалымат: 0556 766 667;
- 2025-жылдын 10-апрелинде - Токмок шаарында, башталышы 10:00. Толук маалымат: 0550 310 016;
- 2025-жылдын 15-апрелинде - Кара-Балта шаарында, башталышы 10:00. Толук маалымат: 0550 310 016;
- 2025-жылдын 16-апрелинде - Бишкек шаарында, башталышы 10:00. Толук маалымат: 0550 310 016.
