Салык кызматы 28 миңден ашык мөөнөтү өтүп кеткен маркасы жок суусундуктарды аныктады
16 апрель

Салык кызматы 28 миңден ашык мөөнөтү өтүп кеткен маркасы жок суусундуктарды аныктады

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери акциздик маркасы жок продукцияларды аныкташты.

МСКдан кабарлашкандай, 2025-жылдын 15-апрелинде рейддик салыктык контролунун жүрүшүндө Ош облусунун Кара-Суу районунун Жоош айылында мыйзамсыз суусундуктар сакталган кампа аныкталган. Анда жалпы суммасы 1 340 826 сомду түзгөн, 28 008 даана 0,5 литр көлөмүндөгү акциздик маркасы жок продукциялар жана мөөнөтү өтүп кеткен алкоголсуз сергитүүчү (энергетикалык) суусундуктар табылган.

Аталган факты боюнча жеринде акты түзүлдү. Ал КРнын мыйзамдарына ылайык юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлдү.

Салык кызматы акциздик маркасы жок товарларды, ошондой эле мөөнөтү өтүп кеткен продукцияларды сатуу мыйзамдарды бузуу болуп саналарын жана укуктук жоопкерчиликке алып келерин эскертет.