2025-жылдын январь-февралында ички дүӊ продукттун өсүүсү камсыздалды
Ички дүң продукт (ИДП) алдын-ала баалоо боюнча 2025-жылдын январь-февралында өткөн жылдын январь-февралына салыштырмалуу 10,7% жогорулоо менен 205,5 млрд сомду түздү.
ИДПнын өсүшү товардык өндүрүш, кызмат көрсөтүүчү тармактары жана продукттарга таза салыктар тарабынан камсыздалды. Муну менен бирге, товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи мурунку жылдын январь-февралына салыштырмалуу 11,8%, кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 10,1% , ал эми продукттарга болгон таза салыктар 10,9% жогорулады.
ИДПнын түзүмүндө эң көп үлүш (51,9%) кызмат көрсөтүүчү тармактарга туура келип, мурунку жылдын январь-февралына салыштырмалуу 1,8 пайыздык пунктка тѳмѳндѳгѳн, ошол эле учурда товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү тескерисинче 2,4 пайыздык пунктка жогорулап 29,2 пайызды түздү. Мында өнөр жайдын үлүшү мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,9 пайыздык пунктка жогорулаган, ошол эле учурда айыл чарбасынын үлүшү тескерисинче 0,4 пайыздык пунктка тѳмѳндѳгѳн, ал эми курулуш 0,1 пайыздык пунктка кыскарган.
