Манас шаарында туризми өнүктүрүүнүн жаңы багыттары талкууланды
15 август

Манас шаарында туризми өнүктүрүүнүн жаңы багыттары талкууланды

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Эдуард Кубатовдун жетекчилиги алдында уюштурулду.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Шабдан Абдырайым уулу, Манас шаарынын мэринин орун базары Кубанычбек Шерматов, тиешелүү мамлекеттик мекемелердин, жергиликтүү бийлик органдарынын жана туризм тармагынын өкүлдөрү катышты.

Талкуунун жүрүшүндө туризмдин учурдагы абалы, туристтик инфраструктураны жакшыртуу, инвестиция тартуу, туристтер үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүү, тейлөө сапатын жогорулатуу жана жаңы туристтик багыттарды өнүктүрүү маселелери каралды.

Жыйындын алкагында мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын өз ара кызматташтыгын күчөтүү, туристтик потенциалды натыйжалуу пайдалануу жана туризмди экономиканын маанилүү тармактарынын бири катары өнүктүрүү багытындагы иштерди улантуу боюнча макулдашуулар белгиленди.