Дыйкан арзандатылган үрөндү кайсы баада сатып ала алат?
12 март

Дыйкан арзандатылган үрөндү кайсы баада сатып ала алат?

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы минстрлиги тарабынан дыйкан-фермерлерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында үрөнчүлүк чарбалар даярдаган 30% жеңилдетилген айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сертификатталган үрөндөрдү берүү каралган. Ага ылайык, дыйкандар жана чарбалык субъектер менчигинин түрүнө карабастан кеткен чыгымдын 30% жеңилдетилген айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сертификатталган үрөндөрдү сатып ала алат.

Жеңилдетилген шартта үрөндөрдү алуу үчүн дыйкандар;

1)Дотациялык үрөндөрдү алуу ниетин билдирген дыйкан райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына өзүнүн байланыш маалыматтарын (почта дарегин, телефонун, электрондук почтасынын дарегин) көрсөтүү менен дотациялык үрөн алууга жана мамлекеттик дотацияны берүүгө тиешелүү өтүнмө берет.

Өтүнмөгө төмөнкү документтердин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн тиркейт:

а) жеке жактар жана жеке ишкерлер үчүн: ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ, ИСН (бар болсо);

б) юридикалык жактар үчүн: юридикалык жак катары мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк, устав, жетекчини дайындоо жөнүндө чечим, жетекчинин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ жана ИСН (бар болсо);

в) жер участогунун бар экендигин ырастоочу документ (укук белгилөөчү жана/же укук күбөлөндүрүүчү документтер жана/же ижара келишими).

2) Райондук комиссия дыйкандан келип түшкөн өтүнмөлөрдү карайт жана өтүнмөлөрдү берүү мөөнөттөрү аяктаган күндөн тартып 20 календардык күндөн кечиктирбестен дотациялык үрөндү алуучулардын тизмесин бекитүү жөнүндө чечим кабыл алат.