Ош шаарында Chevrolet Estocada борбору расмий ачылды
Ош шаарында күн мурун, 11-октябрда Chevrolet Estocada автолизинг борборунун расмий ачылыш аземи өттү.
Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев катышты.
Борбор буга чейин Бишкек шаарында ишке киргизилген. Ош шаарынын мэринин демилгеси жана өтүнүчү менен эми аталган борбор Ош шаарында да ачылып, жергиликтүү ишкерлерге жана мамлекеттик мекемелерге унааларды лизинг аркылуу алуу мүмкүнчүлүгү түзүлүүдө.
Автолизинг борбору мамлекеттик ишканаларга жылдык 4 пайыз, жеке ишканаларга 8 пайыздык үстөк менен унааларды сунуштайт.
Мындай долбоорлор шаарга инвестиция тартууга, ишкердикти өнүктүрүүгө жана жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө өбөлгө болот.
Ош шаарында инвестициялык климатты жакшыртуу, бизнес үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана экономикалык активдүүлүктү жогорулатуу багытындагы иштер улантылууда.
