Салык кызматы: Товарларды легалдаштыруу үчүн айыптар салынбайт
12 март

Салык кызматы: Товарларды легалдаштыруу үчүн айыптар салынбайт

Ишкерлердин 2025-жылдын 1-апрелине чейин эсепке алынбаган товарларды легалдаштыруу боюнча көптөгөн суроолору жана жарандардын бул процесстин мүмкүн болгон кесепеттерине болгон тынчсыздануу боюнча Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков мындай товарларды каттоо үчүн айыптык санкциялар колдонулбай турганын ырастады.

Бул процесстин коопсуздугу Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 12-февралында № 37 «Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамы менен кепилденет. 

Ишкерлер товарларын онлайн түрүндө esf.salyk.kg порталы аркылуу же оффлайн түрүндө аймактык салык органдарынын Бирдиктүү терезелери аркылуу легалдаштыра алышат.

Жалпы салык режиминде же 4% жана 2% ставкасы менен бирдиктүү салык режими боюнча иштеген ири бизнес эсепке алынбаган товарларга электрондук эсеп-фактураны онлайн түрүндө гана толтурат.

0%, 0,1%, 0,5%, 1% ставкалары менен бирдиктүү салык боюнча иштеген чакан жана орто бизнес, ошондой эле өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ("Дордой" жана"Кара-Суу" базарлары) ишкерлер онлайн жана салык кызматынын райондук бөлүмдөрүндө товарларды оффлайн түрүндө тариздей алышат.

«Биз ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түздүк – аны менен 2025-жылдын 1-апрелине чейин пайдаланып калыңыздар», – деп белгиледи Кубанычбек Исабеков.

Келип чыгышын тастыктаган документтери жок товарларды легалдаштыруу ишкерлерге төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү берет:

– бухгалтердик эсепти иретке келтирүү,

– келечекте салыктык тобокелчиликтерден качуу,

– эч кандай айып төлөбөстөн товарларды расмий түрдө мыйзамдаштыруу.

Маанилүү: Легалдаштыруу төмөнкү товарларга колдонулбайт:

– алкоголь жана тамеки продукциясы;

– дары-дармек жана медициналык жабдуулар;

– зер буюмдары;

– нефть продуктулары (ТНВЭД 2710197100-2710199800 коддоруна кирген майлардан башка);

– салыктык текшерүүлөр өткөрүлгөн же сот чечимдери чыккан товарлар.