ЭТТК иштөөсүн кандай токтотот? МСК өкүлү түшүндүрүп берди
Кыргызстанда электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз (ЭТТК) ушул жылдын 1-апрелинен тартып жокко чыгарылат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын ыкчам контролдоо боюнча башкармалыгынын башчысы Сейит Турдумбетов Биринчи радионун түз эфиринде билдирди.
Айтымында, ЭТТК салык администрлөөсүнө аябай чоң салым кошуп келген. Бирок ишкерлердин нааразычылыгынан улам аны жокко чыгарууга туура келди.
«Аны толтуруу чакан жана орто ишкерчиликке оор болп келген. Товарлар боюнча улуттук католог жүргүзчүбүз, ага ылайык ар бир жөнөтүлгөн товарга ЭТТК жазылышы керек болчу. Анын этаптары бар. Ошол этаптар кичи жана орто ишкерчиликке оор келип, анан нааразычылыктар жаралган. Мындан улам азыр макулдашуу жүрүп жатат, ал кабыл алынса, 1-апрелден тартып 3 товардан сырткары бардык товарлар толук бошотулат. Үч товар: алкоголь, тамеки жана күйүүчү май. Башка товарлар бошотулгандан кийин субъектилердин системага жазылган товарлары бар, анын баары жокко чыгарылат. Башкача айтканда, бул система иштөөсүн токтотот. Кампадагы товарлар автоматтык түрдө жок болот», – деди Турдумбетов.
Ал кошумчалагандай, ЭТТК жоюлгандан кийин администрлөө башка нукта жүргүзүлөт. Буга чейин электрондук эсеп фактура ай бүткөндөн кийин он күндүн ичинде жазылышы керек деген норма бар болгон. Мисалы, январь ичинде соода жасаган тарап ал тууралуу февраль айынын онуна чейин жазып берүүгө милдеттүү эле.
«Биз администрлөөнү күчөтүү максатында ал мөөнөттү беш күнгө кыскартып жатабыз. ЭТТКнын ордуна ошондой чарага барып жатабыз», – деди башкармалыктын башчысы.
