Кыргызстан жана Бахрейн соода-өнөр жай палаталарынын алгачкы онлайн-жолугушуусу өттү
12 март

Кыргызстан жана Бахрейн соода-өнөр жай палаталарынын алгачкы онлайн-жолугушуусу өттү

Кыргызстан менен Бахрейндин Соода-өнөр жай палаталарынын алгачкы видео-конференция форматындагы жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР СӨПтөн кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, жолугушууга Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Мамасадык Бакиров жана Бахрейн Соода-өнөр жай палатасынын директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары Мохаммед Аль-Кухейжи катышты.

Тараптар соода, инвестиция, финансы жана туризм тармактарында кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Кыргыз-бахрейн ишкердик кеңешин түзүүнүн маанилүүлүгү жана ишкерлер ортосундагы байланыштарды активдештирүү зарылдыгы белгиленди.

Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчиси Улукбек Марипов алдыдагы «Борбордук Азия + Перс булуңунун араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши» инвестициялык форуму тууралуу маалымат берип, Бахрейн тарапты жигердүү катышууга чакырды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар тыгыз байланышта болууну улантуу, бизнес кызматташтыкты өнүктүрүү жана өз ара сапарларды уюштуруу боюнча макулдашты.