Ала-Бука районунда алма концентратын өндүрүүчү ири завод курулууда
президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү
18 июнь

Ала-Бука районунда алма концентратын өндүрүүчү ири завод курулууда

Ала-Бука районунун Т. Балтагулов айыл аймагында “GLOBAL ECO GREEN” компаниясы тарабынан алма концентратын өндүрүүчү заводдун курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Курулуш иштеринин жүрүшүнөн облус башчысы Тилек Текебаев кабар алды.

Жеке ишкер тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоордун жалпы инвестициялык көлөмү 9 миллион АКШ долларын түзөт. Завод үч гектар аянтка жайгашып, курулуш иштери аяктагандан кийин 200гө жакын жергиликтүү тургун туруктуу жумуш орундары менен камсыз болот.

Өндүрүш ишканасы суткасына 500 тоннага чейин алманы кайра иштетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондорунда өндүрүлгөн алма түшүмүн кабыл алып, кайра иштетет. Даяр продукцияны жакынкы мамлекеттерге жана Европа өлкөлөрүнө экспорттоо пландалууда. Заводдун ачылышы ушул жылдын август айына белгиленген.

Тилек Текебаев долбоордун аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү маанисине токтолуп, каралбай келген алма түшүмүн кайра иштетүү багытындагы эң керектүү курулуш экенин айтты.

Ошондой эле, ишкерлерди колдоо багытында мамлекеттик органдар тарабынан ар тараптуу көмөк көрсөтүлөрүн билдирди.