МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров “BC Card Kyrgyzstan” кыргыз-корей компаниясынын ачылышына катышты
“BC Card Kyrgyzstan” компаниясы түштүк кореялык “BC Card жана Smartro” менен “Банктар аралык процессинг борбору” ЖАКнын алдыңкы компанияларынын өнөктөштүгүнүн натыйжасында түзүлгөн.
Ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө Акылбек Жапаров өлкөнүн финансылык инфраструктурасын мындан ары өнүктүрүү үчүн бул иш-чаранын маанилүүлүгүн белгиледи.
“Бүгүнкү иш-чара биздин өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара пайдалуу мамилелерди, ошондой эле финансылык инфраструктураны өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп саналат. Компания “БиСи Кард Корея” тарабынан иштелип чыккан алдыңкы төлөм системасын модернизациялоо жана Кыргызстандын каржы рыногунун шарттарына ылайыкташтыруу максатында түзүлгөн. Компаниянын негизги милдети – эл аралык төлөм системаларынын карталарын колдонуу менен ички төлөмдөрдү оптималдуу иштетүүнү камсыз кылуу жана өлкө ичинде ПОС-терминалдардын бизнесин жана төлөм кызматтарын башкаруу”, – деди ал.