Калифорниядан кулпунайдын сапаттуу көчөт материалы Кыргызстанга алып келинет
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбековдун Калифорния штатындагы иш сапарынын алкагында соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.
Ошондой эле министр Калифорния университетинин Дейвис кампусундагы Foundation Plant Services (FPS) борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты.
Борбордун өсүмдүктөрдү оорулардан тазалоо, диагностика жүргүзүү жана эл аралык талаптарга ылайык сертификациялоо боюнча тажрыйбасы Кыргызстанда оорудан таза көчөт материалдарын өндүрүү жана заманбап питомниктерди өнүктүрүүдө колдонулушу мүмкүн.
Мындан тышкары, UC Davis Strawberry Breeding & Research Program өкүлдөрү менен жолугушууда түшүмдүүлүгү жогору жана ооруларга туруктуу кулпунай сортторун селекциялоо, Кыргызстанда жаңы сортторду сыноо жана адистердин тажрыйба алмашуусу боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Мөмө ассоциациясы учурда UC Davisтин кулпунай сорттору менен иш алып барууда.
