МСК санариптик маалыматтарды талдоонун жардамы менен көмүскө экономикага каршы күрөшүүнү күчөтүүдө
Салык кызматы салыктык текшерүүлөргө заманбап технологияларды киргизүүдө. Чоң маалымат аналитикасынын жана булут системасынын жардамы менен:
- текшерүү чыгымдары азайды,
- тобокелдик компаниялары аныкталды,
- 3 айда 1 млрд сомдон ашык каражат өндүрүлдү.
"Бир күндүк фирмалар" жана товарсыз жеткирүү схемалары аныкталды – мамлекетке келтирилген зыян 2 млрд сомдон ашты.
«Эгер система аномалияларды байкаса, ишкана текшерүү зонасына кирет. Бардык маалымат туура болсо – бизнес тынч иштей берет», — деди Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов.
Жарандарга маалымат берүү үчүн Айсалык (AIsalyk) ютуб каналы ишке киргизилди, анда салыктан качуунун чыныгы схемалары көрсөтүлөт.
Салык кызматы жарандарды колдоого жана сак болууга чакырат – бизнес үчүн адилеттүү шарттарды биргеликте камсыздай алабыз.
