Сабиз, ун, сүт арзандады. Кыргызстандагы азыр-түлүк бааларына болгон мониторинг
Сүрөт ачык булактардан алынды
3 август

Сабиз, ун, сүт арзандады. Кыргызстандагы азыр-түлүк бааларына болгон мониторинг

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан Кыргызстанга жана чет өлкөлөрдө (Россия, Казакстан) азык-түлүктөргө болгон баалар боюнча салыштырма мониторинг жүргүзүлдү.

Ведомстводон кабарлашканда, мониторингдин жыйынтыгында төмөнкүдөй өзгөрүүлөр аныкталды:

Кыргызстанга баалар төмөнкүдөй: күрүчтүн баасы 4,4%, импорттолгон 1-сорттогу буудай уну 3,6%, тазаланган күн карама майы 2,3%, каймак май 1,4%, кой эти 0,9%, уй эти 0,9% жана кумшекер 0,4%га жогорулаган. Ошол эле учурда сабиз 1,0%, жергиликтүү 1-сорттогу буудай уну 0,8%, картошка 0,8%, баш пияз 0,6% жана пастерленген сүт 0,2%га төмөндөгөнү байкалды.

Казакстанда баалар төмөнкүдөй: картошканын баасы 3,4%, баш пияз 2,5%, күрүч 2,2%, пастерленген сүт жана сабиз 2,0%дан, жергиликтүү 1-сорттогу буудай уну, бөлкө нан, каймак май, уй эти жана кой эти 1,9%дан, тазаланган күн карама майы 1,7%, таразага тартылган макарон азыктары (рожки) 1,6%, тоок жумурткасы 1,4% жана кумшекер 1,1%га төмөндөгөнү байкалды.

Россияда баалар төмөнкүдөй: кумшекердин баасы 1,8%га жогорулаган. Ошол эле учурда баш пияз 2,5%, картошка 2,1%, тоок жумурткасы 1,7%, күрүч, сабиз жана каймак май 1,0%дан, 1-сорттогу буудай уну, бөлкө нан жана пастерленген сүт 0,6%дан, кой эти 0,5%, тазаланган күн карама майы, уй эти жана вермишель 0,4%дан төмөндөгөнү байкалды.