Ысык-Көл облусунда жыл башынан бери 10 миңден ашык акылдуу эсептегич орнотулду
4 апрель

Ысык-Көл облусунда жыл башынан бери 10 миңден ашык акылдуу эсептегич орнотулду

Ысык-Көл электр тармактар ишканасы керектөөчүлөрдү электр жарыгы менен камсыздоонун сапатын жогорулатуу, дебитордук карыздарды азайтуу, максатында акылдуу эсептегичтерди  орнотуу иштерин улантууда.

2025-жылы Ысык-Көл облусу боюнча жалпы 55923 акылдуу эсептегич  орнотуу пландалган.  

Анын ичинен:
- Жети-Өгүз РЭТине 15600;
- Балыкыч РЭТине 8700;
- Ак-Суу РЭТине 10700;
- Каракол РЭТине 2223; 
-Чолпон-Ата РЭТине 8100;
- Тоң РЭТине 10600 даана акылдуу эсептегичтер орнотулат.

Ал эми 2025-жылдын  январь айынан бери  облуст боюнча 10 333 акылдуу эсептегич орнотулду. Калгандары толугу менен жыл аягына чейин орнотулуп бүтөт.

Акылдуу эсептегичтер:
• реалдуу убакыт режиминде көрсөткүчөрдү серверге автоматтык түрдө берет;
• электр жабдууларын ашыкча жүктөөдөн сактоого жардам берет;
• эсептегичтин иштешине сырттан тоскоолдук кылуу аракеттери жөнүндө автоматтык түрдө билдирет;
• дебитордук карыз үчүн автоматтык түрдө өчүрүлөт жана төлөм жүргүзүлгөндөн кийин кошулат;
• үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылат;
• берилген электр энергиясынын сапатын жогорулатат;
• коррупцияны жоюуга жардам берет;
• электр жабдууларын ашыкча жүктөөдөн сактайт.

Маалыматка ылайык, 2024-жылы Ысык-Көл электр тармагы ишкнасы боюнча 15091 кардарга акылдуу эсептегич орнотулду.Анын ичинен12590 даана Түп районуна орнотулду.