Кыргызстанда автоунаалар арзандап, дары-дармектер кымбаттады
24 март

Кыргызстанда автоунаалар арзандап, дары-дармектер кымбаттады

Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдвн февралында азык-түлүк эмес товарлардын баасы өткөн айга салыштырмалуу 0,5%га төмөндөгөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. 

2024-дылдын декабрына салыштырмалуу баалардын 0,6% төмөндөгөндүгү байкалган.

Баалар төмөнкүлөргө карата арзандаган.

  • көмүргө – на 3,4%га,
  • жеңил автоунааларга – 2,6%га,
  • күйүүч-майлоочу материалдарга – 2%,
  • турак жайларды тейлөө жана оңдоо үчүн материалдарга – 2,2%,
  • канцелярдык товарларга – 0,6%,
  • кийим тигүү үчүн материалдарга –  0,6%,
  • кийим жана бут кийимдерге – 0,4%.

Муну менен катар фармацевтикалык продукцияга баа 1,5%, газ 0,7%, ири тиричилик техникасы 0,6%, эмерек жана полго жабуу 0,5%, отун 0,1%га кымбаттаган.