сүрөт жасалма интеллекттин жардамы менен жасалды
23 июль
Компаниялар 1-августка чейин өздөрүнүн бенефициарларын ачыкка чыгарышы керек: 57 миң сомго чейин айып салынат
Юстиция министрлиги 2026-жылдын 1-мартына чейин мамлекеттик каттоодон өткөн юридикалык жактар, филиалдар жана өкүлчүлүктөр өздөрүнүн бенефициардык менчик ээлерин аныктоо жана каттоо үчүн зарыл болгон маалыматтарды 2026-жылдын 1-августуна чейин каттоочу органга берүүгө милдеттүү экендигин эскертет.
Маалымат белгиленген формага ылайык Юстиция министрлигинин тиешелүү аймактык бөлүмүнө жөнөтүлүшү керек. Документ министрликтин расмий сайтына жайгаштырылган.
Уюмдун менчик түзүмү өзгөргөн учурда да каттоочу органга бенефициардык ээлердин алмашканы тууралуу маалымат берүү милдеттүү.
Талаптарды бузган учурда төмөнкүдөй айып пул каралган:
- жеке жактар үчүн – 12 миң сом;
- юридикалык жактар үчүн – 57 миң сом.
Юстиция министрлиги уюмдарды маалыматтарды өз убагында, толук жана так берүүгө чакырды.
