Майлы-Суу айнек заводу заманбап өндүрүш менен ишке берилди
Баткен облусундагы Майлы-Суу айнек заводу бюджеттик каржылоонун негизинде 1 млрд сомго жаңыртылып, заманбап өндүрүштүк кубаттуулуктар менен иштей баштады.
Жаңыдан курулган имараттар жана реконструкцияланган цехтер аймактагы айнек идиш өндүрүшүнүн деңгээлин олуттуу жогорулатат:
• Жаңы имарат – 1278 м², айнек цехине кошулду.
• Айнек цехи №2 реконструкциясы – өндүрүш аянты 2412 м².
Өндүрүштүк жабдуулар модернизацияланды:
• Айнек эритүү меши Ribbon-процесс технологиясы менен, кубаттуулугу – 280 тонна.
• Айнек формалоочу машина HEYE INTERNATIONAL (Германия) компаниясынын 8 секциялуу машинасы, күнүнө 150–200 миң даана өндүрүү кубаттуулугу менен.
• Суук участок, аба бөлүүчү установка (АБУ), фидердик канал жана дайар продукцияны чыгаруу линиялары заманбап стандарттарга ылайык жабдылды.
Транспорт жана логистика да күчөтүлдү: VOLVO автомашинасы жана 2 даана электрокар сатып алынды.
Жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктар аймактагы жумуш орундарын көбөйтүп, айнек идиш рыногундагы туруктуу жана сапаттуу продукцияны камсыз кылат.
