Ат-Башы району: Сафлор менен суданка – мал чарбачылыгын кубаттаган жаңы өсүмдүктөр
2025-жылдын жаз айларында Нарын облусунун Ат-Башы районунда айыл чарба тармагында маанилүү эксперименталдык долбоор ишке ашты. Жеке ишкердин демилгеси менен Россия Федерациясынан жалпы 27 тонна суданка уругу алынып келип, алгач ирет 264 гектар аянтка эгилди.
Суданка чөбү Ат-Башы айыл аймагында биринчи жолу эгилип жаткандыктан, азырынча түшүмдүн көлөмү боюнча так маалымат жок. Бирок жергиликтүү климаттык шарттарга ийгиликтүү ыңгайлашып, орточо бийиктиги учурда 1,60 метрден ашканы байкалууда. Чабуу иштери жакынкы күндөрү башталат. Белгилүү болгондой, суданка – тез өсүүчү, бир нече жолу кыркылуучу чөп болуп, жайыт жетишсиз аймактарда мал чарбачылыгы үчүн туруктуу тоют булагы болуп саналат.
Мындан тышкары, быйыл 300 гектар жер кайрадан айыл чарба жүгүртүүсүнө киргизилип, анын ичинен 200 гектарга суданка, ал эми 100 гектарга майлуу өсүмдүк — сафлор эгилди. Сафлор кургакчылыкка чыдамкай өсүмдүк болуп эсептелет. Анын уругунан сапаттуу өсүмдүк майы алынат. Ошондой эле сафлор топурактын түзүмүн жакшыртып, эрозияны алдын алууда жана эгин алмаштыруу системасында чоң роль ойнойт.
Болжолдуу маалыматтар боюнча, сафлор өсүмдүгүнүн ар бир гектарынан 500-700 килограммга чейин түшүм алынуусу күтүлүүдө.
Бул демилге Ат-Башы району үчүн айыл чарба жаатындагы маанилүү эксперимент болуп эсептелип, келечекте республика боюнча кеңири колдонууга жол ачышы мүмкүн.
