
Баткенде II инвестициялык форум өтүүдө
Баткен шаарында бүгүн, 12-октябрда "Баткенди өнүктүрүү — өлкөнү өнүктүрүү" аталыштагы 2-чи инвестициялык форум өтүүдө.
Форум Кыргызстан менен Кытайдын, Россия Федерациясынын, Өзбекстандын, Түркиянын жана башка бир катар мамлекеттердин бизнес коомчулугунун өкүлдөрүнүн ортосунда конструктивдүү диалогду куруу үчүн жакшы аянтча болуп бермекчи.
Форумдун жүрүшүндө энергетика, туризм, айыл чарба, өнөр жай, логистика жана эл аралык жүк ташуу, ошондой эле кичи жана орто бизнестин өз ара аракеттенүүсүнө тиешелүү темалар кеңири талкууланары күтүлүүдө.