Күрп-Сай ГЭСинде Турдакун Усубалиевдин айкели орнотулду
1 сентябрь

Күрп-Сай ГЭСинде Турдакун Усубалиевдин айкели орнотулду

Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраевдин, энергетика тармагынын ардагерлеринин жана бир катар жергиликтүү бийликтин, энергокомпаниялардын жетекчилеринин катышуусу менен Күрп-Сай ГЭСинде орнотулган Турдакун Усубалиевдин айкелинин ачылыш аземи болуп өттү.

Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмери, Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун Усубалиевдин айкели өлкөнүн энергетика тармагындагы маанилүү объектилердин бири — «Электр станциялар» ААКнын филиалы болгон Күрп-Сай ГЭСнин кире беришинде орнотулду. Бул айкелдин ачылышы — тарыхта өчпөс из калтырган инсанга болгон терең урмат-сыйдын жана келечек муунга үлгүнүн символу.

Эске салсак, 2019-жылдан бери Күрпсай ГЭСи Турдакун Усубалиевдин ысымын алып жүрөт. Бул анын өлкөнүн энергетикасын өнүктүрүүгө, Кыргызстанды индустриалдык жолго салууга кошкон зор салымына берилген жогорку баанын белгиси

Энергетика министри бул жөн гана эстелик эмес — бул тарыхка таазим, эмгекке ардак, жана элге берилген ак ниет кызматтын түбөлүк символу экенин баса белгиледи.

«Турдакун Усубалиев өмүрүн мекенине, элибиздин өнүгүүсүнө арнаган улуу инсан эле. Анын акылмандыгы, туруктуулугу жана мамлекеттүүлүктү бекемдөө жолундагы эмгеги келечек муундар үчүн чоң үлгү болуп кала берет.Турдакун Усубалиев 1961–1985-жылдар аралыгында мамлекетти жетектеп, индустриялык өнүгүүгө шарт түздү: 150дөн ашык ири объект курулуп, электр энергиясынын өндүрүшү 12 эсеге өстү. Күрп-Сай ГЭСи — ал ишке ашырган долбоорлордун эң маанилүү бөлүгү, анын ичинен Кыргызстандагы экинчи эң кубаттуу гидростанция.

Күрп-Сай ГЭС — Нарын дарыясында жайгашкан, Токтогул ГЭС каскадындагы үчүнчү баскычтагы гидроэлектростанция. Кыргызстандагы экинчи эң кубаттуу ГЭС болуп саналат Ал 113 метр бийиктиктеги плотинадан турат, кубаттуулугу 800 МВт, жана жылына 2,63 млрд кВт⋅саат электр энергиясын өндүрөт — биздин энергетикалык энергиябыздын бекемдешинин символу» - деди Т.Ибраев

Катышуучулар улуу инсан Т.Усубалиевди эскерип, ага Куран багышташты.

Аталган айкелди орнотуу үчүн «Электр станциялар» ААК тарабынан атайын ачык тендер жарыяланып, жыйынтыгында «Инжиниринг Групп» ЖЧКсы тарабынан ишке ашырылды. Айкелдин айланасы көрктөндүрүлүп, бетондолуп, жогорку сапатта жасалды.

Маалымат катары: Турдакун Усубалиев

• 1961–1985-жылдары республикага жетекчилик кылып, Кыргызстанды агрардык өлкөдөн өнөр жайы өнүккөн мамлекетке айланткан.

• Нарын облусунда экологияга зыян келтирчү көмүр ТЭЦине каршы чыгып, анын ордуна гидроэлектр станцияларын курууга демилгечи болгон.

• Анын жетекчилиги алдында ондогон заводдор, мектептер, маданий жана социалдык объектилер курулуп, өлкөнүн келбети өзгөргөн.

• Эмгеги үчүн «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамына жана «Ак-Шумкар» орденине татыган.