Ала-Букада экспорттук-логистикалык борбордун курулушу аяктады
1 сентябрь

Ала-Букада экспорттук-логистикалык борбордун курулушу аяктады

2025-жылдын 20-августунда башталган “Бай-Талаа” экспорттук логистикалык мал чарба борборунун курулуш иштери бүгүнкү күндө 98%га аяктап, пайдаланууга берүү алдында турат.

Борбор Жалал-Абад облусунун Ала-Бука району, Ала-Бука айыл аймагындагы Баймак айылынын “Андагул” участкасында жайгашкан.

Ири долбоордун негизги параметрлери:

    •    Кубаттуулугу: 3000 баш малга ылайыкталган

    •    Түзүлүүчү жумуш орундары: 1200

    •    Курулуш аянты: 50 000 м²

    •    Жалпы наркы: 18 млн сом

    •    Каржылоо булагы: Жеке инвестиция

    •    Буйрутмачы: “Кыргыз Эко Экспорт” ишканасы

    •    Подрядчы: “Арх Курулуш” ишканасы

Бүгүнкү күндө борбордун негизги курулуш иштери толук бүткөрүлүп, кошумча иштер – автоунаа токтотуучу жайларды уюштуруу жана кардарларга ыңгайлуу шарттарды түзүү иштери аткарылууда.

Бул борбордун ачылышы менен Ала-Бука районунда жаңы жумуш орундарын түзүү, аймактагы мал чарбасын экспортко багыттоо жана айыл чарба продукциясынын логистикасын жакшыртуу мүмкүнчүлүгү жаралат.