Кыргызстанда баалуу металлдар менен алектенген 1,5 миң ишкердик субъект бар
Бүгүн, 11-марттагы Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасынын зергердик тармагынын учурдагы абалы жөнүндө маселе каралды.
Жыйында баяндама жасаган Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары Алтынбек Кудайбердиев белгилегендей, Кыргыз Республикасында баалуу металлдар жана асыл таштар менен алектенген ишкердик субъекттердин жалпы саны 1547 түзөт, анын ичинен ата мекендик зер буюмдарын өндүрүүчүлөр 73 ишкердик субъект, же болбосо зергердик буюмдарды өндүрүүчүлөрдүн 4,7 пайызын түзөт.
Муну менен катар баяндамачы Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн зергердик буюмдарынын жалпы суммасы 2022-жылы 26,8 миллион сом, 2023-жылы – 126,5 миллион сом, ал эми 2024-жылы – 13,3 миллион сом түзгөнүн кошумчалады.
Талкуу маалында депутат Сеидбек Атамбаев ата мекендик зергердик өндүрүшүн өнүктүрүү үчүн кандай чаралар көрүлүп жатканына кызыгып, өз тарабынан Жогорку Кеңеш мыйзамдарды жакшыртуу багытында «Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө» мыйзамды кабыл алганын эске салды. Эл өкүлү өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүү боюнча ар тараптуу мамлекеттик колдоолорду көрсөтүү зарылдыгын белгиледи.
Буга Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментинин директору Алмаз Кадыракунов зергердик тармагынын учурдагы көрсөткүчтөрүнүн төмөндүгүнүн себептеринин бири катары чийки затка жеткиликтүүлүктүн жоктугун атап, бул багыттагы тоскоолдуктарды жоюу үчүн атайын жол картасы иштелип чыкканын, ошондой эле Баалуу металлдар департаменти Улуттук банк менен катар «Кыргызалтын» ишканасы өндүргөн баалуу металлдарды сатып алуу укугуна ээ болгонун маалымдады.
Ал эми депутат Алишер Козуев ата мекендик зергерчиликтин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле кадрдык потенциалды өнүктүрүү боюнча тиешелүү иш-чараларды күчөтүү зарылдыгын айтты.
Депутат Кундузбек Сулайманов зергердик буюмдарын импорттоонун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, пробалык көзөмөл системасын жакшыртуу маселелерин ортого салса, эл өкүлү Мирлан Самыйкожо жергиликтүү зергерлер сапаты жагынан да, дизайны боюнча да импорттук буюмдардан кем калбаган продукцияларды өндүрүүгө жөндөмдүү экенин белгиледи.
«Аларга мамлекет тарабынан ар тараптуу колдоо көрсөтүлүүгө тийиш», - деди.
Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маалыматы эске алынды.
