Мүлк салыгын эсептөөнүн жана төлөөнүн беш ыңгайлуу жолу
Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы жарандарга кыймылсыз мүлк салыгын эсептөө жана төлөө үчүн бир нече заманбап жана ыңгайлуу ыкмаларды сунуштайт.
Мамлекеттик салык кызматынын карыздарды өндүрүүнү контролдоо башкармалыгынын начальниги Азамат Пазылов салыктын суммасын эсептөө жана төлөө үчүн бир нече онлайн кызматтар: салык төлөөчүнүн жеке кабинети жана Salyk.kg мобилдик тиркемеси тууралуу айтып берди.
«Бул үчүн эч жакка баруунун кереги жок, QR-код аркылуу же банк картасы менен төлөөгө болот. Ошондой эле салыкты төлөө үчүн банктарга же почта бөлүмүнө кайрылсаңыз болот. Бул үчүн паспорт жана бирдиктүү мүлк коду (БМК) керек. Алар автоматтык эсептөөнү жүргүзүп, суммасын айтып, төлөө кодун берет. Бешинчи ыкма – аймактык салык органы аркылуу төлөө. Паспортту алып барсаңыз жетиштүү, бардык маалыматтар биздин базада бар. Сиздин мүлкүңүздү таап, салыктын суммасын эсептеп беребиз. Бул бир нече мүнөттө бүтөт», – деди Азамат Пазылов.
Эскерте кетсек, 1-сентябрга чейин турак үйлөргө, батирлерге (ишкердик үчүн пайдаланылбаган) жана үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарба жер участокторуна салык төлөө зарыл.
