Салык кызматы жалданма кызматкерлердин реестрин жүргүзүү үчүн электрондук сервисти ишке киргизди
7 сентябрь

Салык кызматы жалданма кызматкерлердин реестрин жүргүзүү үчүн электрондук сервисти ишке киргизди

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш берүүчүлөр жалданма кызматкерлердин реестрин Салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу жүргүзүүгө жана андагы маалыматтардын актуалдуулугун камсыздоого милдеттүү. Бул талап мамлекеттик бюджеттен каржылануучу уюмдарга тиешелүү эмес.

Бул сервисти колдонуу үчүн салык төлөөчүлөр Салык төлөөчүнүн кабинетиндеги "Жалданма кызматкерлердин реестри" модулуна өтүшү керек. "Бөлүмдөр" бөлүмүндө бир жолу бөлүмдөрдүн жана филиалдардын тизмесин түзүп, "Кызмат орундары" бөлүмүндө штаттык ырааттамада каралган кызмат орундарынын тизмесин түзүү керек.

"Учурдагы кызматкерлер" бөлүмүндө салык төлөөчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн маалыматтарды киргизүүнүн эки жолу бар: кол менен киргизүү жана кызматкерлерди пакеттик жүктөө. Пакеттик жүктөө учурдагы кызматкерлердин актуалдуу тизмесин түзүүгө мүмкүндүк берген атайын үлгү боюнча жүргүзүлөт.

Эскерте кетсек, жалданма кызматкерлердин салык агентинин реестрин жүргүзүү боюнча талаптарды бузгандыгы үчүн жеке жактар үчүн 3000 сом жана юридикалык жактар үчүн 6500 сом айып пул каралган.