Кыргызстан Россиядан 20 миң башка чейин асыл тукум ири мүйүздүү мал сатып алууну көздөйт
14 август

Кыргызстан Россиядан 20 миң башка чейин асыл тукум ири мүйүздүү мал сатып алууну көздөйт

 Алматы шаарында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков менен Россия Федерациясынын айыл чарба министри Оксана Луттун жолугушуусунда кыргыз-орус агрардык кызматташтыгынын негизги багыттары талкууланды.

Жолугушууда балык чарбасы, асыл тукум мал чарбачылыгы жана минералдык жер семирткичтерди жеткирүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Кыргыз тарап Россиянын өзгөчө экономикалык аймагында суу биоресурстарын кармоого жыл сайын квота берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады. Бул балыкты кайра иштетүүнү жана ата мекендик аквакультураны өнүктүрүүгө шарт түзөт.

«Эки тараптын колдоосу менен зарыл болгон жол-жоболорду аяктап, сентябрь айында Санкт-Петербург шаарында өтө турган балык өнөр жай форумунун алкагында Протоколго кол коюуга жетишебиз деп ишенебиз», – деди Эрлист Акунбеков. Ошондой эле Кыргызстан 20 миң башка чейин асыл тукум бодо малды жеткирүүгө жана асыл тукум майда жандыктар боюнча кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Мындан тышкары, россиялык минералдык жер семирткичтерди жеткирүүнүн көлөмүн көбөйтүү жана ата мекендик дыйкандарды туруктуу камсыз кылуу үчүн өндүрүүчүлөр менен түз узак мөөнөттүү келишимдерди түзүү маселеси талкууланды. Тараптар конкреттүү биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча ишти улантууга даяр экенин билдиришти.